Америкалык актёр, продюсер, режиссёр Том Хэнкс жана анын жубайы Рита Уилсон коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу актёр социалдык тармактагы расмий баракчасына жазып чыкты.
Анда ал учурда жаңы тасмага тартылуу үчүн Австралияда жүрүшкөнүн, вирусту кайдан, качан жуктуруп алгандыгы белгисиз экендигин айтат.
"Салам достор, азыркы учурда Рита экөөбүз Австралиядабыз. Өзүбүздү бир аз чарчагандай жана денебиздеги ооруну сезип жатабыз. Дене табыбыз бир аз жогору болууда. Рита маал-маалы менен чыйрыгып жатат. Баары ойдогудай болушу үчүн бизди текшеришти, тактап айтканда, коронавируска каршы тест тапшырдык. Жыйынтыгында вирустун белгилери бар экендигин көрсөттү", - деген актёр.
63 жаштагы Том Хэнкс жубайы актриса Рита Уилсон менен 1988-жылы баш кошушкан. Түгөйлөрдүн ортосунда эки уулу бар.