"Таш-Төбөдөгү (Воронцовка) Курортология илим изилдөө борборун коронавируска изолятор кылуу үчүн бошотуп жатышат. Шашылыш дарыланып жаткандарды чыгарып жатышыптыр" деген билдирүүсү менен окурман SUPER.KG порталына кайрылды. Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганыбызда, курорттук жайды изолятор кылуу сунушу гана айтылганын билдиришти.
"Коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча штабга Таш-Төбөдөгү Курортология илим изилдөө борборун изолятор кылуу сунушталды. Азырынча бул маселе чечиле элек", - деди мекеменин басма сөз катчысы.