Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн Таластын ар бир районуна санитардык-карантиндик посттор коюлуп, милиция кызматкерлери кырдаал боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күнү-түнү жүргүзүүдө.
"Милиция кызматкерлери жарандарга карантиндик режимди бекем сактоого чакырат. Милициянын көчмө кабылдамасы сирена аркылуу элди үйдөн чыкпоого жана коопсуздук, гигиеналык эрежелерди сактоого чакырып жатышат", - деп билдирет Талас ОИИБинин басма сөз катчысы.