Бир суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 6 миң 858 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 4 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 6740 медициналык кызматкер айыкты.