Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын маалымдады. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, акыркы 12 күндө инфекцияны жуктургандардын саны өсүүдө. Бул төртүнчү толкундун башталганын билдирет.
"Соңку 3 суткада ооругандардын санынын жогорулашы 30 пайызга өсүп, бейтаптардын 60 пайызында илдет жеңил формада же оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат. Бүгүн, 12-январга карата Кыргыз жергесинде коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 186 миң 878 болду", - дешет министрликтен.
Кыргыз жергесинде коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 2020-жылдын март айында катталган. Илдеттин биринчи толкуну 2020-жылдын июль айында болуп, анда бир суткада 1654 (эң көп катталган) адамдан коронавирус аныкталган. Экинчи толкун ошол эле жылдын ноябрь айына туура келип, анда суткасына 600дөн ашык адамдан илдет аныкталган. Үчүнчү толкун 2021-жылдын апрель айында башталып, бир күндө 1965 адам ооруга чалдыкканы аныкталган.