Орусияда сутка ичинде коронавирустан 350дөн ашык адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 25 миң 173 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 361 адам каза болсо, 16 миң 2 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 6866 (айыккандар 5064);

Санкт-Петербург - 2926 (айыккандар 1449);

Москва облусу - 971 (айыккандар 552);

Нижегород облусу- 447 (айыккандар 191) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 114 миң 502 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 36 миң 540 адам каза болсо, 1 миллион 611 миң 445 бейтап айыгып чыкты.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан