Коронавируска байланыштуу сынактар, мектеп олимпиадалары узак мөөнөткө жылдырылды

10-март күнү Өкмөттө коронавирус инфекциясына байланыштуу кезектеги жыйын өтүп, анда билим берүүчү сынактар, мектеп олимпиадалары узак мөөнөткө жылдырылганы айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 10-март күнү Өкмөттө коронавирус инфекциясын өлкөнүн аймагына жайылуусунун алдын алуу максатында кезектеги жыйын өттү. Анда 10-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталбагандыгы айтылды. Вирустун алдын алуу жана өлкө аймагына жайылуусуна жол бербөө максатында республикалык штаб жакынкы аралыкта массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштады. Ошондой эле жыйында пландалган сынактар, мектеп олимпиадасы жана башка иш-чаралар узак мөөнөткө жылдырылганы айтылды. Андан тышкары жарандардан такталбаган маалыматты таратып, элди дүрбөлөңгө салбоону жана расмий мамлекеттик кызматтардын гана берген маалыматына ишенүүсүн өтүндү", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан