Жогорку Кеңештин төрагасы сырт мамлекеттен келген жарандарды дарыгерлерге кайрылууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сырт мамлекеттен келген жарандарды дарыгерлерге кайрылууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

"Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму коронавирус күчөп баратканын айтып чыгышты. Ошого байланыштуу өкмөт аракеттерин жасоодо. Кыргыз элине эпидемия келбесин деп бардык аракеттерин жасап жатышат. Бирок ошого байланыштуу кыргыз элине кайрылып кетет элем. Сырттан келген Кыргыз жарандары аэропорттон же башка чек ара пунктарынан болобу өздөрү барып дарыгерлерге кайрылса жакшы болмок. Кээ бирлери Стамбул, Москва аркылуу учуп келип жатышат. Аэропорттон өтүп кетип үйүнөн же башка жерден Фейсбукка "мени текшеришкен жок" деп жазып жатышат. Өзүңөр дарыгерлерге барып, 14 күн карантинде жатайын деп кайрылсаңар жакшы болмок. Өкмөт маалымат каражаттары аркылуу дүйнөдө эмне болуп жатканын, өлкөдө кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып турушу керек", - дейт төрага.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан