Иранда 70 миң кылмышкерди коронавирустун өлкөгө жайылуусун алдын алуу максатында убактылуу бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
9-март күнү Иранда коронавируска байланыштуу абактардан 70 миң кылмышкер бошотулган. Анткени бийлик жабык жерде вирус тез тарап, элдин массалык жабыркашынан чочулоодо. Ирандын Жогорку Сотунун төрагасы Эбрахим Раисинин билдиришинче, алгач абактан ден соолугунда маселе бар кылмышкерлер чыгарылат. Алардын коомго коркунуч жаратпашы үчүн керектүү иш-чаралар колдонулмакчы.
"Коронавируска байланыштуу кылмышкерлерди бошотуу коомго коркунуч жеткирген абалга чейин улантыла берет", - деп билдирген Раиси. Ал эми алар качан абакка кайтары азырынча белгисиз.
Акыркы маалыматтарга караганда, Иран вирус жуктурган алдыңкы өлкөлөрдөн 4-орунда (7161) болсо, каза болгондор боюнча 3-орунга (237) чыкты.
Бул аралыкта Италияда абакта жаткандар коронавирустан улам козголоң чыгарышып, анда 7 киши каза болду.