Орусияда сутка ичинде 9 миң 200 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде 4 миң 490 бейтап оорудан айыгып чыкса, 119 адам илдеттен көз жумган.
Пандемия башталгандан бери жалпы 272 миң 43 адамдан вирус аныкталса, анын 63 миң 166 адамы сакайып чыккан. Ал эми 2 миң 537 бейтап оорудан каза болгон.