Өпкө оорусу пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун филиалы Гансиде бейтаптар сакайып үйүнө чыга баштады, кубанычтабыз. Бирок жаңы ооругандар азайган жок.
Өпкө оорусу пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу. Энтигип келгендердин көбүндө өпкөнүн 50 пайыздан ашыгы пневмония болуп калган. Ошол үчүн симптомдор башталары менен антибиотикалык терапияны башташ керек. Өпкөгө жете электе.
Ар кандай үйдөгү дарыланууну токтотуп, дарыгерлерге баргыла. Дарыгердин көзөмөлүндө дарылангыла. Эртерек сакайып кетиңиздер. Өзүңүздөрдү сактаңыздар", - деген ал өз билдирүүсүндө.