Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирустун келүүсү тууралуу айтылып жаткан божомолдорго пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Биртанов аталган вирус дүйнө жүзүнүн 115 мамлекетине тараганын айтып, алардын ичинен Казакстан өлкөсү менен тынымсыз катышта болуп келген өлкөлөр дагы бар экенин кошумчалаган.
“Биз азыркы учурда болуп жаткан абалды жакшы түшүнүп турабыз. Баарыбыз сырткы аалам менен байланышты үзүп коюуга мүмкүн эмес экенин да билебиз. Кудай сактасын, бул вирус биздин аймакка келбейт деп да кепилдик бере албайбыз. Баары абалга жараша болот”, - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Ал ошол эле учурда мамлекет тарабынан, министрлик тарабынан коронавирусту таратпоо, анын алдын алуу үчүн көптөгөн иш аракеттер жүрүп жатканын кошумчалаган.
Кечээ, 10-мартта Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн деп билдирген болчу.
Бул тууралуу Елжан Биртанов төмөнкүлөргө токтолгон. "Башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшиндин айтканы статистикалык моделдөө аркылуу жасалган божомол гана", - деп белгилеген ал.