Гаити өлкөсүнүн социалдык маселелер боюнча министри Эммануэль Кантав коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн коммуникация министри Эдди Жексон Алексис социалдык тармактагы баракчасына жазганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биздин кесиптешибиз Эммануэль Кантав бүгүн эртең менен бизди таштап кетти. Ал коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткан", - деп жазган Алексис.
Ошондой эле чиновник маркум кесиптешин ишенимдүү адам укугун коргоочу деп сыпаттап, анын үй-бүлөсүнө жана досторуна көңүл айтты.
Гаити өлкөсүндө коронавирус инфекциясы жалпы 3 миң 662 адамдан аныкталды. 56 адам каза болсо, 24 бейтап айыгып чыкты.