Соңку сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 58 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Маалыматта стационардык дарыланууда 324 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 692 бейтап бар экени айтылат.
Республикада коронавирус илдетинен айыккандардын жалпы саны 180 166 бейтапты түздү.