Орусияда пандемия учурунда мигранттарды жергиликтүү жарандарга теңөө сунушталууда

Орусияда Стратегиялык демилгелер агенттигинин башчысы Светлана Чупушева өлкөнүн премьер-министри Михаил Мишустинге кат менен кайрылды. Ал катта өлкөнүн аймагында иштеп жаткан эмгек мигранттарын пандемия учурунда Орусиянын жарандарына теңөөнү сунуштаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай демилге жумушсуз калган эмгек мигранттарына да жөлөк пул алуусуна шарт түзөт.
Ошондой эле агенттик эмгек мигранттарын IT тармагындагы жумуштарга окутуу жана даярдоону сунуштаган. Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн "Эмгек өндүрүшү жана жумуш орундарын колдоо" улуттук долбоордогу акчаларды жумшоо сунушталган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bazana
2020-04-20 09:52:52
Ото туура болот, мисалы патентке эле бир айда 7,8, мин сарптайт регистрациясы менен кошо.
-2
Nargizab
2020-04-20 10:11:47
Бизге патент керек эмеско? Жон гана регистрация менен эле иштейбизго
+6
Bazana
2020-04-20 16:55:38
Nargizab,мен башка патент менен иштегендерди айтып жатам Орусиянын казынасына айына миллиардаган киреше тушуп атпайбы ошол патенттен.
0
bond02
2020-04-20 10:26:39
Бул демилгеси ишке ашып анан жолок пул алгыча канча жыл отот, азыр орустар оздорунун атын таппай жатканда.
+1
Belek1710
2020-04-20 10:28:04
Биз Орусиянын жаранына тең элебиз, пандемияга чейин эле.
+3
Kylym.85
2020-04-20 11:20:34
Belek1710,кайдагыны айтасын тууганым, орустар азыр учурда мигранттарды карабайт, оздорун эптей албай жатышат. Бизде бир кыз 3 кундон бери темпаратурасы тушпой ооруп жатат,тез жардам келип бир укол берип кетип калыптыр. Андыктан ар бирибиз озубузго сак бололу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан