"Ак шумкарлардын" алдыда болчу 2022-жылы Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандап алуу оюндары башка убакытка жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндөгү коронавирустук инфекциясынын жайылышы менен эпидемиологиялык курч абал жаралганына байланыштуу оюндар башка күндөргө жылдырылды. Мындай чечимди ФИФА жана АФК улуттук федерациялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин чыгарган.
Мындан улам Кыргыз улуттук курама командасынын өткөрө турган оюндары пландалган күндөн башка күндөргө жылдырылды.
Улуттук курама команданын 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандап алуу этабындагы жылдырылган оюндар:
31-март күнү: Мьянма - Кыргыз өлкөсү (башка күнгө жылдырылды);
4-июнь күнү: Кыргыз өлкөсү - Монголия (башка күнгө жылдырылды);
9-июнь күнү: Япония - Кыргыз өлкөсү (башка күнгө жылдырылды.