Армениянын премьер-министри Никол Пашинян COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жубайы Анна Акопян менен бирге коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Пашинян Фейсбук баракчасына жазганын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Бүгүн биз Анна менен бирге коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өттүк" деп жазып калтырган Пашинян.

Мындан тышкары Пашинян 2021-жылдын экинчи жарымында өлкөлөр эмдөөдөн өтпөгөн адамдарды чек арасына киришине чектөө коюшу толук ыктымалдыгын билдирген.

Саясатчы кайсы вакцина менен эмдөөдөн өткөнү азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Арменияда 216 миң 863 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен 4 миң 139 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-05-04 09:51:07
Оххо ото сонун жанылык го,коптон бери кутуп жаттым эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан