Кытай коронавирусту жеңгендигин жарыялады

Кытай Эл Республикасы үчүн коронавирустун кооптуу учуру артта калды. Бул тууралуу Кытайдын саламаттыкты сактоо комитетинин расмий өкүлү Ми Хэнге таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

“Уханды эске албаганда Хубэй провинциясынын бардык шаарларында бир аптадан бери абал тынч. Ал жакта вирус жуктуруп алган жаңы учурлар катталган эмес. Ал эми Кытайдын башка шаарларында акыркы бир күн ичинде коронавирустан каза болгондордун саны 11 адамга жеткен. Жуктуруп алгандардан 15 учур катталган. Бул көрсөткүчтөрдөн улам эпидемиянын жайлап калганы байкалууда.

Кытайдын эки ири шаарында бир катар тармактар боюнча өндүрүш иши калыбына келтирилип иштеп баштады. Бирок вирусту жуктуруп алуу учурлары аз каттала баштаганына карабастан, өлкө аймагындагы абал катуу көзөмөлдө турат" , - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kyrgyz_bloger
2020-03-12 22:06:33
Менин оюмча булар вирус жуктургандардын кобун олтуруп коюшту окшойт го.
+4
Baktyluumun98
2020-03-13 01:07:52
Kyrgyz_bloger,мен дагы ошентип ойлоп калдым
0
MOTOP
2020-03-13 11:57:13
Kyrgyz_bloger,олтургонун коргондой суйлопсун го, олтургондон коро кармап же камап коюш оной болсо керек,башты иштетсен кичине
+2
Belek1710
2020-03-12 22:38:37
Ошондой эле болсунчу, жүдөтүп жиберишти коркутуп!
+7
suban78
2020-03-12 23:09:56
Оозунарга май, тынччылык эле болсунчу. Кытай эли да айыгып кетсин эртерээк.
+13
rysik79
2020-03-13 07:25:51
Италияга откозуп беришти. Жалпы токтогондо суйунсун. Италияда страш го
-1
Globalnews
2020-03-13 09:13:38
Аракетке берекет!
+1
Kuban-1207
2020-03-13 10:30:11
Айыгышсын
+2
Samatalibei
2020-03-13 11:49:13
Эми кысчу жерди кысыш керек Кытайлар! Көз көргөндү жегенди токтотушсун! Соода тармактан башты иштебей ушул жактан баштарын иштетсе жакшы болмок!
+2
aimai
2020-03-13 12:08:58
bulardin oorusun emi biz evropada kuurap jatabiz
0
Amantur_akjol
2020-03-13 13:06:55
Бул вирусту окумуштуулар чыгарган эми даарысын ойлоп табып кымбатга сатышат
-1
Farm94
2020-03-13 17:37:35
Миссия выполнена
0
Arstan18.18
2020-03-13 21:45:11
Жонле журушсо болмокда балакеттин баарын жебей! Оорууну бут таратып оздору женген киши болуп макташат! Туура дуйнодо тынчтык болсун ! Кытай кырылса бизгеделе зыянда!
0
pero5184
2020-03-14 00:24:18
Адамзат оорубасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан