Бүгүн, 22-июнга карата өлкө боюнча 931 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев республикада эпидемиологиялык абал курч экенин айтты.
Ал ооруга кабылгандардын 31 пайызы 65 жаштан жогорку курактагылар экенин белгилеп, жарандарды эл топтолгон жайларга барбоого чакырды.
"Коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Буга жарандарыбыздын ден соолугуна шалаакы мамилеси себеп. Алар оорубайбыз деп ойлошкон. Биз бет кап тагынып, колду самын менен жууп, антисептик каражатын колдонуп, аралыкты сактап, массалык топтолуудан алыс болууга чакырабыз. 65 жаштан жогорку курактагы жакындарыңыздарды эл чогулган жайларга алып барбай, биз айтып жаткан көрсөтмөлөрдү аткарууңуздарды суранабыз", - деди ал.