Коронавирус инфекциясын үй-бүлөсү менен чогуу жуктуруп алган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 24-июнда Москвада өтүүчү Жеңиш парадына катышат. Өкмөт башчы коронавирустан айыккан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мане Геворгян билдирген.
Басма сөз кызматкеринин айтымында, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусун кабыл алган. "24-июнда Москвада өтүүчү Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышат", - деген Геворгян.
Никол Пашиняндан 1-июнь күнү коронавирус инфекциясы аныкталган жана ал үйүндө эле иштей тургандыгын айткан. Ошол эле учурда Пашинян коронавирустан айыкса, Москвада өтүүчү Жеңиш парадына катышары кабарланган.
Москвада өтүүчү Жеңиш парадына президент Сооронбай Жээнбеков жана Улуттук Гвардиянын 70тен ашык аскери катышары белгилүү болгон.