Футбол боюнча Казакстан чемпиондугу коронавирус чуусунан улам мындан ары күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-март күнү аталган өлкөнүн Футбол федерациясы (КФФ) билдирүү таратты.
Казакстан Футбол федерациясы кичи футбол, кум жээгинде ойнолуучу жана кыздар арасындагы футбол боюнча өлкө чемпиондугун токтотту. Ал эми OLIMPBET (Футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун Жогорку Лигасы) оюндары пландалган күндөрү күйөрмандарсыз өтмөкчү.