18-июнга карата өлкөдөгү стационарларда 693 бейтап коронавируска каршы дарыланууда. Анын ичинен 6 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Министрлик илдеттин белгилери байкалбай өтүп жаткан бейтаптар үй шартындагы карантинде болорун маалымдаган. Бүгүнкү күндө үй карантинине 176 бейтап жөнөтүлгөн. Дагы 1 миң 569 адам обсервацияда калууда.
Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 1 396 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 909 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 11 жаран (Бишкекте 9, Чүйдө 3) каза болду. Калган 475 бейтап дарыланып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 551. Анын 225и облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 188 бейтап айыкты. Дагы төртөө каза болду. Учурда 33 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 4, Алай аймактык ооруканасында 2, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 7, Ноокат аймактык ооруканасында 11, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 4, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.
Ош шаарында 326. Анын 250 бейтабы илдеттен арылса, 9у каза болду. Стационарларда 67 бейтап дарыланууда (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 44, Ош облустук ооруканасында 11, Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 12).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 195. Бүгүнкү күндө анын 164 бейтабы айыгып, 2 бейтап каза болду. Калган 29 бейтап дарыланууда (Жалал-Абад облустук ооруканасында 28, Ала-Бука аймактык ооруканасында 1).
Нарында жалпы 424. Анын ичинен 372 жаран сакайып, төртөө каза болду. 48 бейтап дарылануусун улантып жатат (Нарын облустук ооруканасында 33, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 2, Кочкор аймактык ооруканасында 13).
Баткен облусунда жалпы 40. Анын 32 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран дарыланууда. (Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 3, Кадамжай аймактык ооруканасында 5).
Ысык-Көлдө жалпы 31. Анын 18 бейтабы айыгып, 13 жаран бейтапканаларда калууда. (Облустук ооруканада 9, Балыкчы шаардык ооруканасында 4). Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.
Талас облусунда жалпы 20. Бейтаптар облустук бириктирилген ооруканасында дарыланууда. Аталган аймакта илдет 10-июнда биринчи жолу катталды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.