Бүгүн, 14-мартта баштала турган футбол боюнча өлкө чемпиондугу күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КПЛдин (Кыргыз Премьер-Лигасы) басма сөз кызматкери Нурсултан Нурболот уулу билдирди.
"Коронавирус оорусу күчөп жаткандыгына байланыштуу КПЛди убактылуу күйөрмандарсыз өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул чечим канча убакытка чейин болору белгисиз", - деди ал.
Малыматка ылайык, бүгүн Кыргыз Премьер-Лигасынын алгачкы оюндары Ош жана Кант шаарында болот. Оюндардын тизмеси:
"Каганат" (Ош) - "Алга" (Бишкек)
14-март саат 16:00дө Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы академия стадиону.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
14-март саат 16:00дө Кант шаарындагы "Спорт Сити" стадиону.