16-марттан баштап Кыргыз өлкөсүндөгү бардык билим берүү мекемелери үч аптага карантинге жабылат

16-марттан баштап, өлкөдөгү бардык мектептер жана жогорку окуу жайлар үч аптага карантинге жабылат. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

9-мартта Билим берүү министрлиги мектептер 21-марттан 30-мартка чейин 10 күндүк жазгы каникулга чыгышарын маалымдаган эле. 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар окуучулар менен студенттерди тез арада каникулга жөнөтүүнү, окууну жай мезгилге жылдырууну сунушташкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gsuita
2020-03-14 17:47:32
Туура чечим кабыл алышыптыр.
+5
nuridindosmatov
2020-03-14 17:55:01
Жайга узабайбы окуубуз?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан