Германия менен Японияда Кытайга барбаган адамдар коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бавариянын Штарнберг шаарынын 33 жаштагы тургуну Германияга барган кытайлык кесиптеши менен сүйлөшкөн учурда вирусту жуктурган.
Ал эми Японияда Ухан шаарынан келген туристтерди ташыган автобустун айдоочусу да аталган вирусту жуктуруп алган. "Kyodo News" агенттиги билдиргендей, бул Кытайга барбаган адамдардын биринчи жолу вируска кабылган окуясы. Япониянын саламаттыкты сактоо министри Кацунобу Като январдын башында айдоочу Ухан шаарынан келген кытай туристтеринин 2 тобун ташып, вирусту арттырганын билдирген. Японияда учурда коронавирус менен жабыркаган 6 адам катталган. Анын бешөө Кытайдан жуктуруп келген болсо, бирөөнө Япониядан жукканы маалым болгон.