Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда да абал оорлой баштады

Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда да эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн брифинг учурунда айтты.

"Акыркы эки аптада кырдаал начарлай баштады. Бишкекте коронавирус менен ооругандардын саны 3 миң 617 адамды түздү, башкача айтканда республика боюнча бардык ооругандардын 42 пайызын түзөт. Конуштарда да кырдаал начарлады, COVID-19 менен жабыркагандардын саны 680 адамды түздү. Пневмония менен ооругандардын саны да өсүп жатат. Бул акыркы жылдардан бир нече жогору. Ооругандардын көпчүлүгү коронавирус диагнозу коюлганга чейин келип жатат. Бирок өлкөнүн дарыгерлеринин жана башкы пульмонологдун маалыматы боюнча, бул коронавирус экендиги айтылып жатат. Илдетти жуктуруп алуунун өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч алып келүүдө”, - деди Азиз Суракматов.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационарлар эртең мененки 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2020-07-08 17:12:16
Азиз Суракмат, Оштун мэриндей тарс-турс чечкиндүү иштей албайсыңбы?
+4
Begimkyz
2020-07-08 17:55:37
Бишкекти жаап турсанар жакшы болмок. Башка областарга ооруп барып атышат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан