Өзбекстанда 25 миңден ашуун бейтап COVID-19дан сакайганы айтылды

Коңшу Өзбекстанда COVID-19 инфекциясынан айыккан бейтаптардын саны 25 миң 659га жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирус илдетине 671 адам кабылган. Ал эми 1 миң 569 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Сутка ичинде айыккан бейтаптар эң көп катталган аймактар:

Ташкент шаары – 1 245;

Ташкент облусу – 215;

Каракалпакстан Республикасы – 47.

Бул өлкөдө жалпы 32 миң 654 адамдан илдет тастыкталган. Тилекке каршы оорудан каза болгондордун жалпы саны 211ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан