Түштүк Кореяда коронавирусту аныктоочу борборлордо тест жүргүзүү 10 мүнөткө жетпеген убакытты алат жана ал бекер. Төлөм жагын өкмөт колго алган. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик NPR радиостанциясы айтып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө тесттин топтомдорун 4-5 компания чыгарып жатат. Түштүк Кореянын бийлиги бардык өлкөлөрдөн алдыга озуп чыгып, калкына бекер тест жүргүзүүдө. Тесттен өтүү акысыз жана аз убакыт алганы үчүн жуктуруп алгандарды жана анын тегерегиндеги адамдарды аныктоо оңой болууда.
АКШнын CNN телеканалы да Түштүк Кореянын коронавируска каршы күрөшү тууралуу макала даярдап, анда аталган өлкөдө бул илдет катталганга чейин эле биотехнологиялык компаниялар тест топтомунун үстүнөн иштей баштаганын жазат. Учурда Түштүк Кореяда 118 медициналык мекеме коронавирусту аныктоо боюнча тест жүргүзө алат жана ушул күнгө дейре 230 миңден ашуун адам текшерилген.
15-март саат 21:00гө карата Түштүк Кореяда 8 миң 86 адамдан коронавирус катталган, 72 адам каза болгон, 510 адам сакайган. Февраль айынын соңунда Түштүк Корея Кытайдан кийинки эле коркунучтуу илдеттин дүйнөдөгү экинчи ири очогуна айланган эле. Азыркы тапта вирус катталгандардын саны боюнча төртүнчү орунда, каза болгондордун саны боюнча тизмеде алтынчы катарда.
Кыргыз өлкөсүнө келсек, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 13-мартта маалымат жыйындын жүрүшүндө 1 миң 545 адам коронавируска текшерүүдөн өткөнүн, анын баарынын анализи таза чыкканын билдирген. Тесттер коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга карата гана жүргүзүлүүдө. Учурда Кыргыз өлкөсүндө коронавирусту аныктоочу 10 миңдей тест-систем бар.
"Тесттерди ооруканаларда жүргүзүүгө болбойт, себеби аны бардык лабораториялар жасай албайт. Бизде коронавирусту аныктоочу эки лаборатория бар, бири Бишкекте, экинчиси Ошто. Тест-системдердин эффективдүүлүгү 95-99 пайызды түзөт жана вирус ПЦР-анализдин ыкмасы менен инкубациялык мезгилде аныкталат. Тесттерди жүргүзүү даярдыгын саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун эксперти текшерген. Диагностиканын узактыгы орточо 5 саатты түзөт. Бир лаборатория күнүнө 150 изилдөө жүргүзө алат" деген маалымат айтылган.