Бүгүн, 11-июнга карата коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 58 жаран айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Мындай маалымат саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары - 33;
Ош шаары - 17;
Ош облусу - 1;
Нарын облусу - 6;
Жалал-Абад облусу - 1.
Республика боюнча жалпы 1630 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.