Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Анарбек Калматов президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Буга чейин аталган кызматты Кырккелди Кыдырбаев аркалап келген.