Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 31-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде коронавирус жугузуп алган жарандарды өз маалында аныктабагандыгы үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин сынга алган эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан