Казакстанга коронавирус келгенден бери Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүк камдагандар көбөйдү. "Ош базарынан" видеорепортаж

Өткөн аптанын аягында коңшу Казакстан өлкөсүндө 2 адам коронавирус менен ооругандыгы аныкталган болчу. Кечээ, 15-мартка карата бул сан 8ге жетти. Казакстанга бул илдет келиптир дегенден бери Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүк камдагандар көбөйдү. Айрыкча, ун, шекер, майга болгон суроо-талаптар жогорулап, кээ бир соода жайларында болуп көрбөгөндөй кезек күткөндөрдүн саны көбөйдү. Айрым соодагерлер учурдан пайдаланып, товарларынын баасын көтөрүп алганы да белгилүү болду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкектеги "Ош базарына" барып абал менен таанышты. Ун саткан кампаларда кезек күткөндөрдүн саны көп экенине, ал тургай кардарларды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турганына күбө болдук.

Ленин райондук акиминин орун басары унга болгон бааны эл өзү көтөрүп жатат дейт.

"Дүрбөлөңгө түшүп, талашып-тартышып аны сатып алган сайын сатуучулар ортодо баа кошуп жиберишүүдө. Ундун запасы бизде жетиштүү, ун түгөнүп калбайт, тарап кетиңиздер", - деди акимдин орун басары кардарларга кайрылып.

Сатуучулардын бири ундун килограммына 5 сомго чейин, мүшөгүнө 50 сомго чейин акча кошулганын айтты.

"Ош базарынын" администрация кызматкери Жумгалбек Бакаев: "14-мартта бир мүшөк унга 300 сомго чейин акча кошулуп кетиптир. Башка азык-түлүктөрдүн баасы ошол эле бойдон, азык-түлүк кеңири, кампаларда дагы. Эл эмнеге азык-түлүк камдап жатат мен түшүнбөй жатам. Бааларга көзөмөл жүргүзүлүүдө", - деди.

Унга болгон суроо-талап көбөйгөн көрүнүш өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында орун алды. Унду мүшөктөп, кезек күтүп, талашып сатып алып жаткандардын видеолору интернет тармактарына тарап, 14-мартта баасы 300 сомго чейин көтөрүлгөнүн керектөөчүлөр билдирген болчу. Мындай видеолор тарагандан кийин коомчулук Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин реакциясын талап кылды.

15-мартта өткөн чукул кеңешмеде биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз кымбаттатып алгандарга карата чара көрүлө турганын айтты.

"Өлкөдө азык-түлүктүн запасы жетиштүү. 14-марттан тартып аны массалык түрдө сатып алуулар башталды. Буга байланыштуу эч негизсиз ун, канттын баасын кымбаттатып алгандар болду. Спекулянттарга катаал чараларды көрүү керек", - деди ал өз сөзүндө.

“Азык-түлүктүн баасын көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөт”
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан