28-март саат 20:00дөн тарта 29-март саат 7:00гө чейин Бишкекте 119 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 15 аял, 104 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран. "Алар райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди" дейт ал.
Бишкек шаарында 120 пост коюлду.
25-март саат 20:00дөн тарта 26-март саат 7:00гө чейин Бишкек шаары боюнча - 193, 27-март саат 7:00гө чейин - 146, 28-март саат 7:00гө чейин - 157 жаран кармалган.