Казакстанда дагы 20 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул бүгүн, 10-май саат 12:35ке карата көрсөткүч. "Нур-Султан шаарында 4, Алматы шаарында 7, Чимкент шаарында 4, Алматы облусунда 1, Атырау облусунда 2, Батыш Казакстан облусунда 1, Түркестан облусунда 1 адамдан коронавирус аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Казакстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 миң 56 адам.