8-майга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

Суткада 13 бейтап илдетти жеңип, ооруканадан чыгарылды.

8-майга карата 11 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.

Бул күнгө карата коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандардын арасында "РСК банктын" эки кызматкери бар экени айтылды. Бири Бишкектеги банктын кызматкери, учурда дарыланып, үйүнө чыгарылган. Экинчиси Чаткал районундагы филиалдын кызматкери. Экөө тең байланышта болгондор.

Дагы 2 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы маалымдалды. Алардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Жалал-Абад облусунда.

Бул күнгө карата Бишкектеги СИЗО-1де иштеген бир кызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кызматкерден кайталанып алынган тесттин жыйынтыгы "таза" деп чыгып жатканын билдиришти.

Коронавирус инфекциясы аныкталган Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштеп жатканы белгилүү болду.

Улуттук онкология жана гематология борборунда 1 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды.

"Жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталып, анын мөөнөтү дагы узартылат", - деп бүгүн, 8-майда президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүнө карата куттуктоосунда айтты.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан