Бүгүн, 20-апрелге карата коронавирус боюнча абал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берүүдө. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин билдиришинче, бир сутка ичинде өлкө аймагында дагы 14 адамдан бул илдет аныкталган.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 4;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Жалал-Абад облусу - 3;
Нарын облусу – 1.
Республикада оору жугузуп алгандардын жалпы саны 568ге жетти:
Жалал-Абад облусу – 105
Ош облусу – 147
Ош шаары – 87
Чүй облусунда – 32
Бишкек шаары – 115
Баткен облусунда – 6
Нарын облусу – 68
Ысык-Көл облусунда – 8
Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.
Каза болгондор - 7 адам. Айыгып үйлөрүнө чыккандар - 201ди түзөт.