Бүгүн, 19-мартка карата 3 учур катталган Сузак районунда айыл тургундарына азык-түлүк, медициналык бет каптар бекер таратылууда. Бул тууралуу Сузак районунун акими Эрмек Омошев билдирди.
"Бүгүнкү күнгө карата карантинге алынган Бостон, Благовещенка айылына кайрымдуу адамдар бекер азык-түлүк берип жатышат. Андан сырткары өкмөттөн бөлүнүп берилген 50 миң даана медициналык бет кап келип түштү. Аны бардык айыл өкмөттөргө бөлүштүрүп жатабыз. Ошондой эле жер-жерлердеги ФАПтарда, дарыканаларда бет каптарды 6 сомдон сатуу пландалууда", - дейт Сузак акими.