Биз социалдык тармакта

Нарын облусу боюнча жалпы 98 адамда коронавирус аныкталса, анын 78и айыгып чыкты

Нарын облусу боюнча жалпы 98 адам коронавирус жуктуруп алган болсо, алардын 78и айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, айыгып чыккандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатат.

"Ат-Башы районунда 61, Жумгалда 10, Нарын шаарында 6, Кочкордо 1 киши оорудан айыгып чыкты. Ал эми Ат-Башыда 6, Жумгалда 4, Нарын шаарында 7 адам дарыланып жатат. 3 адам үй изоляциясында. Ал эми 153 адам обсервацияда жатса, үй карантининде 528 адам бар. Байланышта болгон адамдардын саны 1 миң 680 адам", - деп билдирди Алымкулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан