Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Кытайдын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кытайдан келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Аида Исмаилова Кыргыз өкмөтүнүн атынан кытай тарапка көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. "Бүгүн достук мамиледеги Кытайдан кезектеги гуманитардык жардам келип отурат. Бир аз убакыт мурда пандемия учурунда республикага Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келип, кыргыз кесиптештерине чоң консультациялык көмөк көрсөтүп кетишкен. Президенттин демилгеси боюнча республиканын бардык региондорунда ооруканалар курулуп, имараттар оңдолууда, анда медициналык мекемелер жайгаштырылат. Алынган жардамдар аталган жаңы ооруканаларды жабдууга багытталмакчы", - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат.