Кечээ, социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда коронавирус катталганы тууралуу маалымат тараган. Анда умра зыяратынан келгендерден вирус аныкталып, алар жашаган көчө толугу менен карантинге алынганы айтылган.
"13-март күнү умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат", - деп айтылган маалыматта.
Окуяны бүгүн, 18-мартта саат 09:00дө Өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйында тастыкташты. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратынан келген жана коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны карантинге алынган.