"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланабы?" деген суроого министр Космосбек Чолпонбаев "Бул факты бүгүн, 18-мартта эртең менен саат 08:00дө эле аныкталды. Андыктан мамлекет мыйзам чегинде бардык иш-чараларды аткарат болуш керек. Бул республикалык штабда чечилет. Коронавирус жуктурган Кыргыз жарандарынын учурдагы абалы канааттандырарлык. Аларга карата керектүү дарылануу жүргүзүлүп жатат. Коронавирус аныкталгандар Жалал-Абадда дарыланып жатышат", - дейт министр.