Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарынын убактысы дагы жылышы мүмкүн

Японияда өтө турчу жайкы Олимпиада оюндары азыркы тапта расмий түрдө 2021-жылдын июль айына жылдырылган. Бул убакыт дагы жылышы мүмкүн экенин уюштуруу комитетинин башчысы Тосиро Муто билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Оюн кайсы убакытта өтөрү тууралуу так маалыматты биз азыр бере албайбыз" деп билдирген Муто.

Бирок буга карабастан уюштуруу комитети Олимпиада оюндарына даярданууда. Өкмөт Олимпиада оюндарынын өтпөй калышынан чыгаша тарткандар үчүн бир нече камсыздандыруу полистерин бөлүп берген. Бирок аталган полистер керектелген каражатты толугу менен жаап бере алабы белгисиз.

Буга чейин Олимпиада оюндарынын болбой калышы япон экономикасына 74 миллион доллардан ашык чыгым алып келери айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан