Бишкек шаарындагы кайсы райондордо коронавирус инфекциясы көп катталып жаткандыгы тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Урматтуу шаардыктар! 1-июлга карата Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 2 миң 292 адамга жетти. Акыркы он күндө инфекция жуктургандардын саны өсүүдө. Шаар боюнча инфекциядан каза болгондордун саны 21 адамга жетти. Коронавирус инфекциясы аныкталган 2 миң 292 адамдын ичинен:
Ленин районунда - 725;
Октябрь районунда - 466;
Биринчи Май районунда - 446;
Свердлов районунда - 355 адам", - деди мэр өз сөзүндө.
Шаар мэринин айтымында, Бишкек шаары боюнча инфекция аныкталган 2 миң 292 адамдын 55 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер.