Коронавирустан улам бет каптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сот териштирүү жүргүзөт

Коронавирус коркунучунан улам бет каптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сот териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы маалымат таратты.

Анда, 17-мартта Бишкектеги бир нече дарыканаларда атайын рейд уюштурулуп, бет каптардын бир даанасы 15 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатканы аныкталганы тууралуу айтылат.

“15-мартта өкмөт атайын буйрук чыгарып, бир колго үчтөн ашык эмес бет кап сатуу, баасын 10 сомдон жогорулатпоо тууралуу талап койгон.

Рейддин жыйынтыгы менен ар бир дарыканадагы факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 216-беренесинин (монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө) негизинде каттоого алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Финполиция мындай учурда 1955, 0 (312) 323 091, 323 707, 543 980, 541 712 номерлерине чалууну жарандардан өтүнөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gitaris93
2020-03-18 16:41:00
Билайн номерин берсеңер чалайын
0
milan-707
2020-03-18 17:14:37
Кадамжайда 20сом
0
Nuri1988Elim2010
2020-03-18 21:20:02
Ала-Бука районунда 15-30сом болуп жатат, ар аптека каалагандай сатып жатат, эмнеге андай десең бизге ошондой келип жатат, албасаң кой дешип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан