Орусиялык миллионерлер коронавирус оорусу жугуп калган убакта колдонуу үчүн жасалма дем алдыруу аппараттарын массалык түрдө сатып ала башташты. Бул тууралуу "The Moscow Times" гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өлкөдө жашаган 1 миллиард доллардан ашуун бааланган кыймылсыз мүлкү бар белгисиз жаран баасы 1 миллион 800 миң рубль турган жасалма дем алдыруу аппаратын сатып алган. Бул аппаратка суроо-талап көп болгондуктан, дагы 2 аппарат сатып ала албай калган.
Жасалма дем алдыруу аппарат чыгарган компаниянын ишкерлери акыркы эки аптада жеке кардарлары аппараттын жалпы көлөмүнүн 30 пайызын сатып алышкандыгын айтышкан.
Өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар мониторинги Орусиядагы ооруканаларда 43 миңдей жасалма дем алдыруу аппараты бар экенин билдирген.