Коңшу Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
27-мартка карата Казакстандын Алматы шаарында дагы 7 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Буга байланыштуу учурда өлкөдө вирус менен жабыркагандардын саны 120га жетти. Анда Нур-Султанда - 60, Алматыда - 47, Карагандада - 4, Жамбыл облусунда 3, Чимкентте - 2, Акмола облусунда -1, Алматы облусунда - 1, Ак-Төбөдө - 1, Түндүк Казакстан облусунда -1.