Лондон шаарынын мэри шаардын футболдук клубдарына жардам сурап кайрылды

Англиянын борбору Лондон шаарынын мэри Садик Хан коронавируска каршы күрөшүү үчүн аталган шаардагы футболдук клубдарга жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Мен мындай суранычтарды жеңил кабыл албайм жана Лондондун көптөгөн футболдук клубдары үчүн бул оор, чоң маселе экендигин түшүнөм. Ошентсе да, биз бардыгыбыз чогулуп лондондуктардын жашоосун коргоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек экендигин айткым келет", - деп билдирген шаар мэри.

Садик Хан "Арсенал", "Тоттенхэм", "Челси", "Кристал Пэлас" аттуу лондондук ири футболдук клубдун медициналык кызматкерлерине коронавируска каршы ооруканаларда иштөөгө, стадиондорго дары-дармектерди убактылуу сактап турууга жана мейманканаларына коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер жашап турууга уруксат беришин суранып кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан