Умра сапарынан Кыргыз өлкөсүнө дагы 300 адам келет

Бүгүн, 18-мартта түштөн кийин өкмөттө 3-маалымат жыйын өттү. Анда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат берди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өлкөгө умра сапарынан дагы 300 жаран кайтып келерин билдирди.

"100 адам келет, бирок бул коркунучтуу сан эмес. Алар ооруган адамдар эмес, кадимкидей эле биздин жарандарыбыз, сапардан кайткан адамдар. Биз аларды дароо карантинге алабыз. Текшерүүдөн өтөт. Коронавирусту аныктоого дагы 10 миң даана тестке буюртма кылдык", - деди ал.

Ошондой эле ал кийинки күндөрү дагы 200дөй жарандын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн эртең менен өкмөт чукул жыйын өткөрүп, саламаттыкты сактоо министри өлкөдө 3 адамдан коронавирус аныкталганын маалымдаган. Алар Сузак районунун жарандары экени белгилүү болуп, аталган аймакка өзгөчө кырдаал киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
expert.007
2020-03-18 17:55:24
Келтирбегиле.
+10
Aruujanshaxi
2020-03-18 18:12:09
Ошо акчасы ашып жаткан жүзүнө штрафты салгыла да кайра өзүнө карантинге кеткен чыгымды жаап алгыла
+14
Aitunuk
2020-03-18 22:09:50
Aruujanshaxi, туура, мен да ушул ойду айтайын деп жаттым эле. Мындан тышкары бизде Дин башкармалыгы, муфтият бар беле, алар каякта жүрүшкөн, дүйнөдө алаамат болуп жатканын көрүп туруп, кайдыгер мамиле жасашып.Демейде телевизордон түшүшпөйт, канча катын алабыз деп. Өкмөттүн буга чейин жасаган аракеттери текке кетти десек болот.
+4
Aruujanshaxi
2020-03-18 18:13:33
Чек арага жоопкерлерге да штраф салынсын алдын алып умраны токтотпогону үчүн.
+10
vikidiki
2020-03-18 18:27:15
Олойун деп эле калышты ушу мжжси жоктор!
+4
Nur777
2020-03-18 18:41:59
Кыса турушса болмок,27-февральдан бери эле чектоо коюлуптур го!
+11
pero5184
2020-03-18 18:42:38
Ар пенденин башына түшбөсүн. Мындай болоорун ойлонуп, анан барышса болмок.
+7
bond02
2020-03-18 19:13:42
Башка сайттарда 250-300 адам келет деп журот го.
+3
Aikaaaa
2020-03-18 19:40:33
кыргыз элинин убалына калышты, өзүлөрүнүн керт башын ойлошуп атышып
+6
Jelezo
2020-03-18 21:36:23
Умраны шылтоолоп бизнес кылып жаткан фирмаларды убактылуу жаап турушса болмок .
+5
Rusi79
2020-03-19 03:09:11
Ооруканалардын акыбалына мышык ыйлайт,мамлектетибиз кучу жетпейт ондогонго,байларыбыз куноолорун "жууп " саякатап журушот.100% налог салыш керек "саякатчыларга".Эл и так кредитке батып кыйналып турганда этектен алган силер.Сооп эмес наалат айткын келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан