Испания пляждык сезонго даярдык көрүүдө

Испаниянын аймактык жетекчилери жайкы пляждык сезонго камылга көрүүгө аракет жасап башташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышат.

"Алсак, Испаниянын Галисия аттуу автономдук аймагынын Саншеншо шаарында жайгашкан кум жээктери 780 өз-өзүнчө участокторго бөлүп коюуну пландашууда. Саншеншо шаарынын мэри Тельмо Мартин "9 чарчы метр аянтты түзгөн ар бир участокто 2 адам жайгашса болот. Бул "бир адамга 4 чарчы метр аянт болсун" деген эксперттердин сунушунан да көп" деген оюн билдирген.

Жаңы планга ылайык пляждагы адамдардын санын көзөмөлдөөчү адамдар дайындалат. Ошондой эле жээктерде сийилдөөлөрдүн кыймылын чектөө дагы каралууда",- деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, былтыр Испанияга 84 миллиондон ашык турист келген. Быйыл жергиликтүү жарандардын гана эс алуусу каралууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tymar
2020-05-08 12:08:54
Ыссык колдо пляждык сезон кандай болот. Быйыл Ыссык колду корбой калабызбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан