"Нарын облусунун Кочкор райондук ооруканасына коронавируска шектелген жаран жеткирилди" деген маалыматтар мессенжерлер аркылуу тарап жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жеткирилген жаран умрадан келгендиги айтат.
"Райондук ооруканага жеткирилген жаран умрадан келген. Андан бүгүн, 18-мартта медициналык тест алынды. Жыйынтыгы чыга элек", - дейт маалымат катчы.
Бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкени айтылды. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирди. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгон, алардын баары обсервацияга алынган.